Аба ырайы: жаан жаайт

Бишкектеги жаңы конуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 8-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт. Күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22,

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3,

Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…+1.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 20…22° болот.

Дагы караңыз

Жер мунапысы тууралуу өкмөттүн токтомунун 27-пункту жоюлдуКыргызстанда алгачкы жолу сурдокотормолуу көркөм тасма чыктыКыргызстандагы фемицид тууралуу иликтөө кайталап жарыяландыДүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жолугушуу өтөт Бишкектин борборунда көчө соодасына тыюу салынат