Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

Бишкектин борборунда көчө соодасына тыюу салынат


Биринчи май районунун аймагында Ала-Тоо аянты баштаган эл көп чогулган бир топ коомдук жайлар, парктар бар.
Биринчи май районунун аймагында Ала-Тоо аянты баштаган эл көп чогулган бир топ коомдук жайлар, парктар бар.

Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында 15-марттан тартып көчө соодасына тыюу салынат. Аталган райондун администрациясы кабарлагандай, анда күч ченеген жабдууларды орнотууга, балдардын электромобилдерин, велосипеддерди ижарага берүү токтотулат. Ошондой эле көчөдө балмуздак, суусундук өңдүү нерселерди сатууга болбойт.

Райондун башчылыгы көчө соодасы айрыкча жаз-жай айлары күчөрүн, көпчүлүк сатуучулардын уруксат кагаздары жоктугун белгиледи.

"Анан калса мындай соода менен алектенгендер шаардын электр зымдарына мыйзамсыз туташып, бюджетти кайсы бир деңгээлде чыгымга учуратат. Ошол эле маалда өздөрү турган жерди таштанды менен булгап кетет", - деп жазылган маалыматта.

Анда мындай чечим "Борбор калаанын макамы жөнүндө" мыйзамга жана Бишкек шаардык кеңешинин шаарды көрктөндүндүрүү токтомуна ылайык кабыл алынганын билдирди.

Аталган райондун аймагында Ала-Тоо аянты баштаган эл көп чогулган бир топ коомдук жайлар, парктар бар. Жаз-жай айларында ондогон адам майда-чүйдө буюм-тайым, тамак-аш сатып, балдарга ылайык машина, велесипед өңдүү техниканы ижарага берип акча табат.

XS
SM
MD
LG