Кыргызстанда биринчи жолу сурдокотормо менен коштолгон толук метраждуу көркөм тасма жарык көрдү.
“Келин темир эмес” деп аталган комедия жанрындагы бул тасма угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жергиликтүү кинотеатрлардан көрүүгө ылайыкташып тартылган.
Сурдокотормо - бул майыптыгы бар адамдарга колдун жана манжалардын кыймылы менен кепти түшүндүрүү ыкмасы.
“Келин темир эмес” көркөм фильминин бет ачары 6-мартта Бишкектеги “Октябрь” кинотеатрында өттү. Анда кайнене менен келин темасы көтөрүлүп, күнүмдүк кыргыз турмушу чагылдырылган.
Үй-бүлөлүк комедияда үч уулу бар эне келиндерин жемелеп күн көрсөтпөйт. Уулдары апасы менен аялдарынын ортосундагы мамилени жөнгө салуу ниети менен үйгө робот келин алып кирүүнү чечишет. Бирок алар бул үчүн чыныгы роботту алып келбей, театрда иштеген актрисаны жалдашат.
Тасмага Сапар Сайнааров режиссерлук кылып, сценарийин "БурИс" мүмкүнчүлүгү чектелген чыгармачыл адамдарды колдоо коомдук фондунун негиздөөчүсү Нишана Жээналиева менен биргеликте жазышкан.
Уюштуруучулардын айтымында көркөм фильм 7-марттан тарта өлкөдөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. (MZh)
Дагы караңыз
Кыргызстандагы фемицид тууралуу иликтөө кайталап жарыяландыДүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жолугушуу өтөт Бишкектин борборунда көчө соодасына тыюу салынат