Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жолугушуу өтөт

Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архивдик сүрөт.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 10-16-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу түзүлгөн эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуулары өтөт. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектен барчу топтун курамын бекитти жана анын башчысы кылып өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаевди дайындады.

Бишкекте 3-9-февралда кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы "достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын" маалымдаган. Келерки кезектеги жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Дагы караңыз

Сот "Азаттыктын" министрликтин чечимине каршы арызын четке какты Ташиев аскердик техника, курал алууга 1 млрд. доллар жумшалганын айтты Киев орус аскерлерин украин туткунун өлтүрүүгө айыптады Жер мунапысындагы 27-пунктту алып салууга каршы жыйын өттү Түркияда оппозиция президенттикке Кемал Кылычдароглуну көрсөттү Беларус соту Тихановскаяны 15 жылга сыртынан кести