Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 6-мартта Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы жолугушууда Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына Кытайда чыгарылган 1500 автобус сатып алуу маселесин көтөргөнүн билдирди. Талкууда Бишкекте аталган автобустарды кураштыруу жана сервистик тейлөө борборун ачуу тууралуу да сөз болду.
Бишкек мэриясына газ менен жүрүүчү 120 автобус сатып алынып, быйыл 1-февралда тапшырылган.
Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров жакында өткөн басма сөз жыйынында жыл аягына чейин калаада коомдук транспорт көйгөйү толугу менен чечилет деген убада берген. (BTo)
Дагы караңыз
Президент Чүйдөгү өкүлү менен Сокулуктун акимин кызматтан алууну тапшырдыКыргызстан-Индия инвестициялык келишими боюнча маселени кароо кийинкиге калдыЭлТРдин “ПолитКлиникага” каршы арызы Биринчи май райондук сотунда каралатКыргызстанда сасык тумоо көрсөткүчү 7,5% жогорулады Иранда кыздардын ууланышын чагылдырган журналист кармалдыОрусияда Немцовду эскерип маек берген пенсионер камалды