Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

Кыргызстан-Индия инвестициялык келишими боюнча маселени кароо кийинкиге калды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн 6-мартта Кыргызстандын Индия менен инвестициялык келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карап, азырынча чечим кабыл албай кое турууну чечти. Буга тийиштүү документтин текстиндеги каталар, котормодогу айырмачылыктар себеп болду.

Натыйжада депутаттар айткан сын пикирлер эске алынып, документ ошого жараша даярдалып, сунушталышы зарыл деген чечим кабыл алынды.

Келишимге 2019-жылы 14-июнда Бишкекте кол коюлган. Ал, эреже боюнча, парламенттен ратификация болгондо күчүнө кирет.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстан менен Индия ортосунда твар жүгүртүү көлөмү 2022-жылы 110 миллион доллар болду, анын 10 миллиону Кыргызстандан чыккан экспорт (айыл чарба өсүмдүктөрү, химикаттар жана башка агропродукция). (RK)

XS
SM
MD
LG