“Өскөн-Ордо” жаңы конушундагы жер ээлерибиз деген адамдар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-берененин алып салынышына каршы экенин билдиришти.
Алардын бири Жыпаркүл Турсунбаева “Өскөн Ордодогу” 37 гектардын мыйзамдуу ээлери бар экенин айтып, 27-берене алынып калса жер басып алгандар, ортомчулардан сатып алгандардыкы мыйзамдаштырылып кетерин билдирди.
Анын сөзүнө караганда, жер ээлери жергиликтүүлөрдөн 2006-2007-жылдары үлүш жерлерди сатып алышкан. 2013-жылдары жер басып алуу болуп, эми ал мыйзамдаштырылып калышы мүмкүн экенин айтты.
5-мартта президент Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушуна барып, үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин абалын көргөн. Жергиликтүү эл менен жолугушууда “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-берене кызыл китеп берүү ишин аксатып атканы айтылган. Анда жер анын ээсинин макулдугу менен гана трансформация болору жазылган.
Президент Садыр Жапаров эл менен жолугушууда 27-пунктту жокко чыгаруу тапшырмасын берген. (BTo/TSh)
Дагы караңыз
АКШ кыргыз жарандарына виза алууга кеткен убакытты азайттыМитинг өткөрүүгө тыюу салынган аянттар тизмеси толукталдыКыргызстан украин жаранын Беларуска өткөрүп берди “Азаттыктын” иши боюнча сотто 17-мартка чейин тыныгуу жарыяландыЧүйдө наристени кордогон кишинин соту башка күнгө калдыШольц: Батыш өлкөлөрү Украинага каржылык жана курал-жарактан колдоосун улантатКемпир-Абад иши: Перизат Суранова ооруканадан үйүнө чыктыИманалиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды