Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө дээрлик 200дөй мамлекет 4-мартта кечинде 38 саатка созулган талкуудан кийин Дүйнөлүк океанды коргоо келишимин колдоду. Документке ылайык, 2030-жылга чейин океан сууларынын 30% жакыны коргоого алынган акватория болот. Бул өз кезегинде деңиз флора жана фаунасын калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт.
Келишимди даярдоого 10 жылдан ашык убакыт кеткен жана бир катар мамлекеттер негизинен балык уулоого берилген квотага байланыштуу талашып-тартышып, мунаса табылбай келген. Эми макулдашуунун тексти мындан ары өзгөрбөйт, уюмга мүчө өлкөлөр аны ратификациялашы керек.
Келишимдин негизинде коргоого алынган деңиз аймактары түзүлөт. Ушул тапта океандардын 1,2% гана коргоодо турат. Документке ылайык, бейтарап макам алып жүргөн суулардын үчтөн бири сактоого алынышы керек.
Дүйнө жүзүндө миллиардаган адам океан, деңиздердин эсебинен жан багып келет. Андагы суулар климатты жөнгө салууда маанилүү ролду ойнойт. Экологдор соңку кездери деңиздердеги флора менен фаунанын айрым түрлөрү бир катар себептерден улам жоголуп кетүү коркунучуна кабылганын эскертип, чукул чараларды көрүүгө чакырып келет.
Дагы караңыз
Валентина Шевченко чемпиондук титулун коргой албай калды Үй түрттүрүлгөн окуядан кийин Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна барды Ош-Ноокат-Баткен жолун оңдоо башталды Орусиядагы кыргыз элчилиги кароосуз калган төрт баланы мекенине жөнөтөт ИИМ: пара сураганы соцтармакка чыккан кызматкер иштен алынды Өзбекстан: журналисттер, блогерлер кысым жөнүндө Мирзиёевге кайрылды Rheinmetall Киев менен танк заводун куруу тууралуу сүйлөшүп жатат Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленди