Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Орусиядагы кыргыз элчилиги кароосуз калган төрт баланы мекенине жөнөтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөдө кароосуз калган төрт кыргызстандык бала мекенине жөнөтүлөрүн билдирди. Аларды өз өлкөсүнө кайтарууга керектүү бардык документтерди даярдоого көмөк көрсөтүлгөнүн маалымдады.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эми кайтып келген балдарды оболу биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү боюнча иш алып барат. Эгерде баланын туугандарын табуу мүмкүн болбосо, асырап алууга берүү маселеси каралат.

Былтыр июль айында элчилик Орусияда ата-энесинин кароосу жок калган кыргызстандык алты бала мекенине жөнөтүлгөнүн билдирген.

2011-жылдан тартып Орусиянын ар кайсы шаарларында кыргызстандык мигрант энелер төрөп, балдар үйлөрүнө таштап кеткен ымыркайларды алып келүү аракети башталган. Андан сырткары Казакстан, Сирия жана Ирактан дагы ондогон балдар алып келген. Алардын айрымдары өз туугандарына берилген жана арасында асырап алары жоктору да болгон.

XS
SM
MD
LG