Валентина Шевченко чемпиондук титулун коргой албай калды

Валентина Шевченко жана Алекса Грассо

UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы бир канча жолку чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко мексикалык спортчу Алекса Грассодон утулуп калды. Ал 4-мартта сегизинчи жолу чемпиондук макамын коргоо үчүн мелдешке чыккан.

Таймаштын төртүнчү айлампасында Грассо муунткан ыкма колдонуп, Шевченкону таза жеңип алды.

Шевченко буга чейин 26 ирет мелдешке чыгып, 22си анын жеңиши менен аяктаган. Атаандашы Грассо 19 таймаштын 16сында уткан.

Валентина Шевченко UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Йоанна Ежейчикти жеңгенден кийин алган. Андан бери чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп келген.

Дагы караңыз

Ош-Ноокат-Баткен жолун оңдоо башталды Орусиядагы кыргыз элчилиги кароосуз калган төрт баланы мекенине жөнөтөт Үй түрттүрүлгөн окуядан кийин Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна барды ИИМ: пара сураганы соцтармакка чыккан кызматкер иштен алынды Өзбекстан: журналисттер, блогерлер кысым жөнүндө Мирзиёевге кайрылды Орусия: Коргоо министрлиги Шойгу согуш болгон аймакка барганын билдирди Rheinmetall Киев менен танк заводун куруу тууралуу сүйлөшүп жатат