Ош-Ноокат-Баткен жолун оңдоо башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош-Баткен-Разаков (Исфана) жолундагы Ош-Ноокат-Баткен тилкесин оңдоо расмий башталганын билдирди. Бул жолдун жалпы узундугу 392 чакырымды түзөт жана аны оңдоого сырттан 416 миллион доллар алынып, буга чейин 345 чакырымы оңдолгон.

Өкмөттүн билдиришинче, бул долбоорго Дүйнөлүк банктан, Ислам өнүктүрүү банкынан, Европа Биримдиги, Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, жапониялык JIKA уюмунан, Кытайдан каражат алынган.

Кыргызстан эгемен тарыхында жол куруу долбоорлоруна сырттан жалпысынан 2 миллиард 571 миллион 391 миң доллар алган жана бул жалпы сырткы карыздын теңине жакынын түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгү насыя болуп саналат.

Сырттан келген акчага жалпы узундугу 2809 чакырым республикалык маанидеги автоунаа жолдор оңдоп-түзөлгөн. Анын ичинен 2100 чакырымы толук аяктап, калган 700 чакырымдан ашыгы оңдолуп жатат.

Дагы караңыз

Үй түрттүрүлгөн окуядан кийин Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна барды ИИМ: пара сураганы соцтармакка чыккан кызматкер иштен алынды Өзбекстан: журналисттер, блогерлер кысым жөнүндө Мирзиёевге кайрылды Орусия: Коргоо министрлиги Шойгу согуш болгон аймакка барганын билдирди Rheinmetall Киев менен танк заводун куруу тууралуу сүйлөшүп жатат Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгилендиЗапорожье: ракеталык чабуулдан мерт болгондордун саны 11 адамга жетти Былтыр эки судья иштен алынып, 17си тартип жоопкерчилигине тартылган