Үйү буздурулуп, балдары менен көчөдө калган келин жөнүндө сот маалымат берди

Марал Шаболотова балдары менен бузулган үйүнүн короосунда күн кечирип жаткан.

Жогорку сот Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келинге байланыштуу комментарий берди. Анда соттун бардык инстанцияларында ал келин үйдү мыйзамсыз куруп алганы анык деген чечим чыкканы, сот аткаруучулар 1-мартта үйдү бузуу тууралуу чечимди аткарганы айтылат.

"Азаттык" мунун алдында балдары менен көчөдө калган Марал Шаболотова тууралуу материал даярдаган. Келин үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алганын, бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова кызыл китеби бар экенин айтып, андан үй турган жерди талаша баштаганын билдирген. Чыр 2022-жылдын 1-октябрында Жогорку Сотко жетип, анда Самудинованын пайдасына өкүм чыккан.

Самудинова бузулган үй турган жер ага караштуу экенин айтып, 2013-жылы Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтү ага жерге ээлик кылганын ырастаган чечим чыгарып берген, 2017-жылы колуна кызыл китеп тийгенин билдирген.

Ак-Ордонун айрым тургундары 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, бийлик өкүлдөрүнөн окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылышкан.

Министрлер кабинетинин төрасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Урмат Токтожумаев 4-мартта Ак-Ордого барып үйү жок калган келинге өкмөт башчынын жардамы менен жаңы үй салынып берилерин билдирди.

Дагы караңыз

Садыр Жапаровдун Таластагы өкүлү болуп Нурлан Дарданов дайындалды УКМК: Бишкектеги райондордун биринин башкы архитектору кармалдыСалык эрежелери: Акылбек Жапаров ишкерлерди ачык иштөөгө чакырдыБишкек: 7-апрелди кызыл календарда калтырууну талап кылган митинг өттүСадыр Жапаров айрым акимдерди иштен алып, кээ бирине сөгүш бердиПиязды Кыргызстандан сыртка сатууга салынган чектөө алынды Кытайдын Бишкектеги элчилиги виза маселеси жөнүндө түшүндүрмө берди Байден менен Шольц Украинаны колдоону күчөтүүнү сүйлөштү