Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Бишкекбашкыархитектуранын" бөлүм башчысы пара алууга шек саналып кармалганын билдирди. Атайын кызмат 4-мартта тараткан маалыматка ылайык, иликтеп-текшерүүнүн жүрүшүндө аталган мекеменин "айрым кызматкерлери туруктуу коррупциялык схема уюштуруп алганы" аныкталган.
"Жооптуу кызматкерлер Бишкектеги муниципалдык жер тилкелерин берүүгө оң чечим чыгарганы үчүн ири суммадагы пара алууну такай уюштуруп келгени антыкталды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында шаардагы райондорунун биринин башкы архитектору Д.Ш.С. кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө анын мыйзамсыз иштерге барганы тууралуу маалыматтар алынган. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жүрүп жатат",-деп айтылат маалыматта.
Өткөн айда Башкы прокуратура буга чейин “Бишкекбашкыархитектуранын” кызмат адамдарына жана калаанын “Түштүк аймагы” долбоорунун башкы архитектору Жыргалбек Асаналиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп сотко өткөнүн билдирген.
Анда Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) жана 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Маалыматта айтылгандай, архитектор "Бишкекбашкыархитектуранын" айрым кызмат адамдарын туруктуу кылмыштуу байланышка тартуу менен, ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын бузулганын билип туруп мыйзамсыз аракетке барган. Тагыраагы 2021-2022-жылдар аралыгында кызматтык жасалмалоо жолу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагындагы кичи райондорду, кварталдарды куруу долбооруна мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү (корректураларды) киргизгени аныкталган деп белгиленген.
Башкы прокуратура Асаналиевди былтыр сентябрда кармаган. Сот алгач аны тергөө бүткүчө камакка алып, кийин кайра үй камагына чыгарган. Ал 17-февралда Биринчи май райондук сотунда жүргөндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып күнөөсүн моюнга албай турганын айткан.
Дагы караңыз
Садыр Жапаровдун Таластагы өкүлү болуп Нурлан Дарданов дайындалды Салык эрежелери: Акылбек Жапаров ишкерлерди ачык иштөөгө чакырдыБишкек: 7-апрелди кызыл календарда калтырууну талап кылган митинг өттүСадыр Жапаров айрым акимдерди иштен алып, кээ бирине сөгүш бердиПиязды Кыргызстандан сыртка сатууга салынган чектөө алынды Кытайдын Бишкектеги элчилиги виза маселеси жөнүндө түшүндүрмө берди АКШ Украинага 400 млн. долларга бааланган аскердик жардам беретБайден менен Шольц Украинаны колдоону күчөтүүнү сүйлөштү Путинге даттанган полк оор жоготууга учурады