Путинге даттанган полк оор жоготууга учурады

Иркутскиден мобилизация болгондор видео кайрылуу жолдоп жатышат.

Мобилизацияга тартылгандан кийин Орусиянын президенти Путинге видео кайрылуу жолдогондор Украинанын Авдеевка аймагында чоң жоготууга учурады.

Сибирь.Реалии басылмасына бул тууралуу аскерлердин туугандары билдирген.

Мобилизация болгондор видео кайрылууда алар эч кандай даярдыксыз, куралсыз, артиллерия жана чалгындоо тараптын колдоосу жок чабуулга өтүп жатканын билдиришкен.

Аталган 1439-полкто Иркутск облусунан баргандар басымдуу болгон. Аскерлер буга чейин да үч жолу кайрылуу жолдошкон.

Алар анда өздөрү баш ийген "ДЭРдин" Славян бригадасы мобилизация болгондорду түздөн түз өлүмгө айдап жатканын, согуштан баш тарткандарды автомат менен атканын айтышкан.

Видео кайрылуу жасагандар жетекчилик аскердик даярдыгы жок, кырк жаштан өткөн жана өнөкөт оорулуу адамдардан турган топтон чабуул койчу бригада түзгөнүнө даттанышкан.

Дагы караңыз

МАГАТЭнин жетекчиси Гросси Иранга барды Акыйкатчы: Кордолгон аялдарды, балдарды коргоонун жаңы багытын баштадыкЧерногориядагы жардырууда бир адам каза болду