Беларуста "Нобелдин" лауреаты Беляцкий 10 жылга кесилди

Алес Беляцкий

Беларуста “Весна” укук коргоо борборунун төрагасы, "Нобелдин" Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алес Беляцкий он жылга кесилди. Өкүмдү Минскинин Ленин райондук соту чыгарганын "Азаттыктын" беларус кызматы кабарлады.

Беляцкий менен бирге анын кесиптештери Валентин Стефанович тогуз жылга, Владимир Лабкович жети жылга эркинен ажыратылды. Дмитрий Соловьев сыртынан сегиз жылга кесилди.

Укук коргоочуларга 2020-жылы автократтык лидер Александр Лукашенкого каршы "нааразылык акцияларын каржылаган" жана "акчаны мыйзамсыз алып жүргөн" деген айып коюлган. Алардын тарапкерлери айыптоолорду четке кагып, бул ишти "саясий өч алуу" деп аташууда.

Беляцкий, Стефанович жана Лабкович 2021-жылдын 14-июлунан бери камакта жатат.

Былтыр Алес Беляцкийге "Нобелдин" Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Ал 7-октябрда Ослодо Беляцкийдин жубайы Наталья Пинчукка тапшырылган.

АКШ, Евробиримдик баштаган бир катар өлкөлөр 2020-жылдын августунда Беларуста өткөн шайлоодон кийин Александр Лукашенкону мыйзамдуу шайланган мамлекет башчы катары тааныган эмес. Ага жана анын айланасындагыларга каршы санкциялар киргизилген. Лукашенконун режими адам укуктарын одоно бузган жана оппозицияны куугунтукка алган деп сыпатталат.

Дагы караңыз

Грекияда поезд кырсыгынан кийин темир жол кызматкерлери иш таштадыНурланбек Шакиев АКШ Конгресси менен кызматташууну чыңдоону сунуштадыОрусия: Коломнанын тургундары "жарылуунун үнү угулганын" айтыштыУкраина: Бахмутта кандуу салгылаш уланууда