Запорожьеде ракеталык чабуулдан кийин он кишинин дайыны чыкпай жатат

Соккудан кийин куткаруу иштери уланууда.

Украинанын Запорожье шаарындагы көп кабаттуу үйгө бир күн мурун тийген ракеталык чабуулдан каза болгондордун саны беш кишиге жетти. Дагы он адамдын дайыны чыкпай жатканын, сегизи жабыркаганын шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев 3-мартта билдирди.

Куткаруу иштери экинчи күн катары менен уланууда.

Орусия 2-мартка караган түнү Запорожьеге ракеталык чабуул жасаганда көп кабаттуу үйлөрдүн бири жарым-жартылай талкаланган. Жергиликтүү прокуратура калаа С-300 зениттик-ракета менен аткыланганын маалымдады.

Бир күн мурун Харьковдо жарандык объектилерге үч ракета атылганда бир канча киши жараат алган.

Жума күнкү расмий кабарларда Украинанын аскерлери өткөн суткада көптөн бери кармаш күчөгөн Бахмут, Купянск, Лиман, Авдеевка жана Шахтерск калааларында Орусиянын 85 соккусунун мизин кайтарганы айтылды.

3-мартка караганда түнү Орусиянын Коломна шаарынын үстүндө жарылуу болгону кабарланды. Укук коргоо органдары учкучсуз учактар жарылган болушу мүмкүндүгүн айтып жатышат. Бирок анын чоо-жайы белгисиз.

Дагы караңыз

Грекияда поезд кырсыгынан кийин темир жол кызматкерлери иш таштадыНурланбек Шакиев АКШ Конгресси менен кызматташууну чыңдоону сунуштадыМилиция кызматкери президент Жапаровго кайрылуу жасадыГрузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы митингде ондогон адам кармалды

Дагы караңыз

Грекияда поезд кырсыгынан кийин темир жол кызматкерлери иш таштадыГрузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы митингде ондогон адам кармалдыНурланбек Шакиев АКШ Конгресси менен кызматташууну чыңдоону сунуштадыОрусия: Коломнанын тургундары "жарылуунун үнү угулганын" айтышты