Орусия ракетасынан Запорожьеде көп кабаттуу үй кыйрап, үч киши каза тапты

Талкаланган үй.

2-мартка караган түнү Украинанын Запорожье шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан беш кабаттуу турак жай жарым-жартылай урап, үч киши набыт болду. Украин полициясы дагы алты киши жаракат алганын билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Запорожье шаарына С-300 зениттик-ракета менен аткыланган. Бир дүрмөт турак үйгө тийгенде 10 батирлик подъезд толугу менен кыйрады. Урандылардын астынан бир нече киши куткарылды. Полиция согуштун мыйзамдарын жана салттарын бузуу беренеси менен тергөө ишин баштады.

1-марттын кечинде орус армиясы Украинанын Полтава облусундагы Кременчуг шаарынын инфратүзүмүнө сокку урганын облус жетекчиси Дмитрий Лунин кабарлаган.

Харьков облусунда жарандык объектилерге үч ракета атылып, жаракат алгандар болду. Мындан тышкары Украинанын аймагына ирандык "Шахид" деген "жанкечти" дрондордон 16 жолу сокку жасалып, алты дронду Украинанын абадан коргонуу системасы атып түшүргөн.

1-мартта Полтава, Сумы сыяктуу Украинанын 10 облусунда аба чабуулу эки ирет эскертилди. (BCh)

Дагы караңыз

Ош: Абактагы эки киши ачкачылык жарыялаганы, бири оозун төөнөп алганы кабарландыӨспүрүм кыздар үчүн TiK Tok сериал тартылды Бишкекте соодагерлер нааразылык акциясына чыгыштыСокулукта сексуалдык зомбулукка кабылган эки өспүрүмдүн ишинде мыйзам бузулганы белгилендиЖазгы талаа иштерине даярдык начар болуп жатканы айтылды