Блинкен Каракалпакстан окуясы ачык жана толук иликтениши керек экенин айтты

АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан республикасындагы кан төгүлгөн окуяны иликтөө маанилүү маселе деп эсептейт. Бул тууралуу ал 1-мартта Ташкенттеги сапары учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Блинкен күч органдары адам укуктарын бузганы тууралуу айтылып жаткан билдирүүлөр боюнча толук жана ачык иликтөө зарыл экенин айтты.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан бул жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган.

Дагы караңыз

Кытайдан жүк ташыган айдоочулардын виза маселеси боюнча маалымат берилдиСузакта окуучу баланын өлүмү иликтенүүдөКемпир-Абад иши: Абыловду кайра абакка которуштуАрмиядагы "чоңсунуу", аскер башчынын талкуу жараткан билдирүүсү