"Свобода" радиосунун түптөлгөнүнө 70 жыл болду

"Освобождение" радиосунун редактору Валериан Оболенский. Париж, 1954-жыл

1-мартта «Эркин Европа/Азаттык радиосунун” орус кызматы - “Свободанын” 70 жылдыгы белгиленүүдө.

Ал кезде “Освобождение” деп аталган радионун алгачкы программасы 1953-жылдын 1-мартында Мүнхенден обого чыккан. 1959-жылы радио аталышын өзгөрткөн. “Кансыз согуш” маалында СССРдеги угармандарга советтик тарыхтын жана ал кездеги реалдуулуктун коомчулуктан жашырылган жана расмий маалымат каражаттарында чагылдырылбаган фактыларды, коммунисттик режимге каршы чыккан адамдардын жана уюмдардын ишмердүүлүгү, бийликтин репрессияларына кабылган диссиденттер тууралуу маалыматтарды берип турган.

Редакция азыр да басма сөз эркиндигинин принциптерин катуу сактайт.

1989-жылы совет бийлиги радионун толкундарын басууну токтоткон. 1991-жылы ГКЧП деп аталган төңкөрүш аракети майнапсыз аяктагандан кийин Орусиянын ошол маалдагы президенти Борис Ельцин өзүнүн жарлыгы менен “Свободанын” Москвадагы ишмердигин мыйзамдаштырган.

Медиа корпорациясынын баш кеңсеси 1995-жылы Чехиянын президенти Вацлав Гавелдин чакыруусу менен Мүнхенден Прагага көчүрүлгөн.

Владимир Путин бийликке келгенден бери редакция улам бир кысымга туш болуп, былтыр жазында Москвадагы бюро жабылган.

Буга карабай, популярдуу бойдон калууда, аптасына аны 8 миллиондон ашуун киши угат.

Дагы караңыз

Башкы прокуратуранын ордуна салына турган имарат долбооруна сынак жарыяланды Киев орус аймагында кулаган дрондорго тиешеси жок экенин жарыялады"Беларус Бакиевди бербейт". Украин жаранын Минскиге өткөрүүнүн күңгөй-тескейи