Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Башкы прокуратуранын ордуна салына турган имарат долбооруна сынак жарыяланды


Өрттөнгөн имарат сүрөт тартылган тосмо менен бир нече жыл жабылып турду.
Өрттөнгөн имарат сүрөт тартылган тосмо менен бир нече жыл жабылып турду.

Мурда Башкы прокуратура жайгашкан жерге салына турган жаңы имараттын долбооруна ачык сынак жарыяланды. Имаратты Бишкек мэриясынын электрондук аукционун утуп алган «Шаако» ишканасы курмай болууда.

Ишкананын жетекчилиги бүгүн 1-мартта маалымат жыйын куруп, мэрия менен түзүлгөн келишимге ылайык жер тилкесин беш жылга ижарага алып жатышканын, бул үчүн жалпысынан 30 миллион сом төлөп бере турганын, курулган имараттын аянтынын 10% мэриянын балансына бекер өткөрүлүп берилерин билдирди.

Ал жер Бишкектин борбордук бөлүгүнө карагандыктан имарат “уникалдуу архитектуралык чыгарма” болушу керектигин белгилеген жетекчи Улукбек Тилектешов эң мыкты долбоордун авторуна 1 миллион сом тапшырыларын айтты.

Имаратта музей, көргөзмө жана конференц залдары, 3-4 кабат жер астында автомашина токтотмо жайы да жайгашат деп пландалууда.

Жердин жалпы аянты 40 сотых. Ага мэрия ээлик кылат.

Үч долбоор сунушталып жатканын былтыр 5-июлда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирген. Ал “Немис долбоорчулары бизнес борбор же отель сыяктуу үч вариант сунуштап жатышат. Комиссия карап чыгып, бирөөнү тандайбыз. Эски имараттын калдыктары сүрдүрүлгөндөн кийин аукцион жарыялайбыз” деп айткан.

Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта мурда Башкы прокуратура жайгашчу. 2010-жылдын Апрель окуяларында ал жерде өрт чыгып, имарат жараксыз абалга келген жана ошондон бери ал ар кандай жарнамалар менен жабылып турган.

2018-жылы мэрия имараттын ордуна гүл бакча ачыларын жарыялап, коомчулук шаар бийлигинин бул чечимин кубаттаган. Ага чейин автоунаа үчүн токтотмо ачуу жөнүндө сунуштар да айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG