"Манас" улуттук академиясы "Эр Төштүк" эпосунун энциклопедиясын басып чыгарды. Бүгүн 28-февралда энциклопедиянын бетачары өттү.
Академиядан кабарлашкандай, китепке “Эр Төштүк” эпикалык эпосунан миңден ашуун түшүнүк кирди.
“Эпостун контексти аркылуу кыргыз элинин дүйнѳ таанымы, тарыхы, дүйнѳгѳ кѳз карашы, психологиясы, жашоо образы изилдөөгө алынган. Бул жыйнак кенже эпостордун кыргыз фольклор таануу илиминин тарыхындагы алгачкы көлөмдүү басылмасы жана тажрыйбасы” деп билдирди академия.
Иш-чарага өкмөттөн, Түркиянын жана Казакстандын элчиликтеринен өкүлдөр, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери катышты.
Энциклопедия 1 миң нуска болуп басылып чыкты. (MZh)
Дагы караңыз
Улуттук банктагы 46 тонна алтындын чоо-жайы Талибдер "Ислам мамлекети" тобунун жогорку өкүлү жок кылынганын билдирди"Колумдагы балам менен беш саат кордук көрдүк""Укук коргоочунун жашоосу - кырчылдаган күрөш"