Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:14

Талибдер "Ислам мамлекети" тобунун жогорку өкүлү жок кылынганын билдирди


“Ислам мамлекети-Хорасан” тобунун жоочулары жашырынган делген жердеши операциядан кийин. Кабул, 14-февраль, 2023-жыл
“Ислам мамлекети-Хорасан” тобунун жоочулары жашырынган делген жердеши операциядан кийин. Кабул, 14-февраль, 2023-жыл

“Талибандын” басма сөз катчысы Забиулла Мужахид 27-февралда “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун жогорку өкүлдөрүнүн бири жок кылынганын билдирди.

Шейшембиде тараган маалыматка ылайык, уюмдун чалгын кызматынын жетекчиси Кари Фатех дагы бир согушкер менен чогуу Кабулдагы рейд маалында өлтүрүлгөн.

Мужахид “Ислам мамлекетинин” дагы бир жетекчиси Ияз Амин Ахингар ушул айда жок кылынганын кошумчалады.

Уюмдун жергиликтүү канаты – “Ислам мамлекети-Хорасан” тобу “Талибандын” атаандашы болуп эсептелет. Талибдер бийликке келген 2021-жылдын августунан бери ал жоочулар Ооганстанда чабуулдарын күчөттү.

Мужахид буга чейин 27-февралга караган түнү болгон рейд “Ислам мамлекети” террордук уюмунун ооган башкалаасында кол салуу уюштурууну көздөгөн согушкерлерин бутага алганын билдирген.

Экстремисттик уюм окуяны комментарийлей элек.

XS
SM
MD
LG