Министрлик онкология борборундагы кезек маселесин чечүүнү тапшырды

Улуттук онкология жана гематология борбору.

Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук онкология жана гематология борборунда химиялык дары-дармек алуу үчүн кезек күткөндөрдүн маселесин тез арада чечүүнү аталган борбордун жетекчилигине тапшырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бейтаптар биримдигинин жетекчиси Гүлмира Абдыразакова Фейсбуктагы баракчасына коридордо, тепкичтерде кезек күтүп кыйналган бейтаптардын видеосун 27-февралда чыгарган.

"Химия терапия бөлүмүндө бейтаптар дарыны эч кандай шарты жок жерде күтүп турушат. Бул көйгөйдү биринчи жолу айтып жаткан жокпуз. Бирок кайра эле кайталанууда. Химия терапия бөлүмүнүн жетекчисине бул көйгөй эмес окшойт. Ооруп жаткан адамдарга карата кайдыгер мамиле! Бул көйгөйдү Улуттук онкология жана гематология борбору чечкиси келбейт", - деп жазган Абдыразакова.

Улуттук статистикалык комитетинин акыркы маалыматы боюнча, Кыргызстанда онкологиялык дарт менен 30 миңге чукул адам катталган. Аялдар арасында жатын моюнчасы менен көкүрөк рагы, эркектерде ашказан менен өпкө рагы кеңири жайылган. Бейтаптар химиялык дары-дармектердин айрымдарын мамлекеттик кепилдик менен акысыз алышат. (BCh)

Дагы караңыз

Суваналиев: 20 вагон курал-жаракты колго түшүрүп, отставкага кеткемУкраинада каза тапкан карапайым кишилердин саны 8 миңден аштыКоргоо министрлиги: Кыргыз армиясында чоңсунуу деген жокЖүрөк хирургиясы институтунун директору кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталууда