Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Украинада каза тапкан карапайым кишилердин саны 8 миңден ашты


Буча, 11-март, 2022-жыл
Буча, 11-март, 2022-жыл

Орусия кол салгандан бери Украинада каза тапкан карапайым кишилердин саны 8 миңден ашты. Мындай статистиканы БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты шейшембиде жарыялады. Жайкын тургундар арасындагы жалпы жоготуулар 21 миң 580 болсо, алардын 8 миң 101и өлтүрүлгөн. Арасында 2 миң 127 аял жана 488 бала бар.

Баяндамада элдин басымдуу бөлүгү авиа соккулардан, жардыруучу заттардан, артиллериялык аткылоолордон мерт кеткени айтылат.

БУУ мындай докладдарын ай сайын чыгарып турат. Ар биринде авторлор кеп документтештирлген жана бышыкталган учурлар тууралуу гана жүргөнун белгилешет. Иш жузүндө жоготуулар мындан эселеп көп болушу ыктымал. Катуу кармаштар болгон аймактардан так маалымат алуу азыркыга чейин мүмкүн эмес.

Согуш башталгандан бери Украинада жайкын адамдар жапырт каза тапкан ондогон фактылар катталган. Алсак, былтыр марттын этегинде украин армиясы Буча жана Ирпен шаарчаларын бошоткондон кийин 700дөн ашуун карапайым кишинин сөөгү табылган.

Ошол эле айда Мариуполдогу драма театры бомбаланганда украин бийлиги 300дөй киши мерт кеткенин маалымдаган. Краматорскидеги вокзалды ракетадан аткылоо 48 кишинин өмүрүн кыйган. Орусия жай тургундарга сокку урганын танып келатат.

XS
SM
MD
LG