Казакстандагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын маселесин эки өлкөнүн башкы дипломаттары Жээнбек Кулубаев жана Мухтар Тлеуберди талкуулашканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 28-февралда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, эки жетекчи Астанада өтүп жаткан АКШ-Борбор Азия жыйыны алкагында жолугушуп, ортодогу кызматташтык тууралуу сүйлөштү.
“Талкууланган маселелердин бири чет элдиктердин Казакстандын аймагына кирүүсү жана бул өлкөдө жүрүүсү боюнча жаңы эрежелердин кыргыз жарандарына карата колдонулушу болду. Эки өлкөнүн ТИМ башчылары жакын арада консулдук маселелер боюнча консультация жүргүзүүнү макулдашышты”,- деп билдирди мекеме.
Казакстанда быйыл 27-январдан тартып миграциялык талап жана эреже катаалдады. Ага ылайык, Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары бул өлкөдө жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Буга чейин алар Казакстанда чек арадан чыгып-кирип, чектөөсүз жүрө алчу.
Расмий Астана жаңы эрежени мыйзамсыз миграцияга каршы чара катары түшүндүрүп жатат.
Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин соңку маалыматына караганда, Кыргызстандын 1,2 миллион жараны сыртта эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын 30 миңдейи Казакстанда.
Дагы караңыз
Бишкектеги жол кырсыгынан эки адам каза болдуБлинкен АКШ-Борбор Азия жыйынын өткөрүү үчүн Астанага бардыСтрокова тил комиссиясынын каржысын иликтөөнү сунуштадыЭсептик ченди 13% деңгээлинде сактап туруу чечими күчүнө кирди