Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Строкова тил комиссиясынын каржысын иликтөөнү сунуштады


Евгения Строкова.
Евгения Строкова.

Парламентте бүгүн, 28-февралда өтүп жаткан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланган жыйында ЖКнын мурдагы депутаты Евгения Строкова кыргыз тилин мектеп, бала бакча, жогорку окуу жайларда окутуу усулдары өнүкпөй, тескерисинче, артка кеткенин айтып, буга Мамлекеттик тил комиссиясын айыптады.

"Биринчи кезекте Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын тил боюнча алгачкы мыйзамды иштеп чыгуусунан тарта текшериш керек. Алар толук кандуу иш алып барбаганы үчүн жазага тартылууга тийиш. Себеби мамлекеттик тил боюнча мыйзамды аткарууга 2004-жылдан бери бюджеттен аябай көп каражат бөлүнүп жатат. Эгерде комиссия өз ишин толук кандуу алып барса, азыр бул жерде биз мамлекеттик тил боюнча мыйзамды кайра жаңыртып, талкуулап отурбайт элек".

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова Строковага жооп берип, кыргыз тилин окутуу үчүн бала бакча, мектептерде жаңы ыкмалар байма-бай колдонулуп жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Ага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Мыйзамдын жаңы редакциясы былтыр күзүндө коомдук талкууга чыгарылган. Өкмөт демилгелеген документти Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссия иштеп жатат. Жаңы мыйзам кабыл алынса, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдары, менчик түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар ишмердүүлүгүн кыргыз тилинде жүргүзүүгө милдеттүү болот.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ. (BCh)

XS
SM
MD
LG