Министрлик Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу быйыл толук аяктай турганын айтты

Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу. Архивдик сүрөт.

Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу быйыл августта толугу менен аяктайт. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министринин орун басары Талантбек Солтобаев парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 27-февралдагы жыйынында билдирди.

Депутат Жылдыз Таалайбек кызы жолдун бир чакырымы үчүн 1 млн. 555 миң АКШ доллары сарпталганын айтып, курулуш эмнеге кымбат болуп жатканын сурады.

Министрликтин алдындагы Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун координатору Санжар Асаналиев жолду куруп жаткан кытайлык China Railway компаниясы тендерге катышкан ондой фирманын (подрядчик) ичинен эң арзан бааны сунуштаганын билдирди.

"Бул биринчи категориядагы, төрт жана алты тилкелүү жол. Мында бардык инфраструктурасы камтылып, эл аралык стандарттарга жооп берет", - деди ал.

2017-жылы салына баштаган Бишкек – Кара-Балта жолунун биринчи бөлүгү 45,1 чакырымды түзөт. Алгачкы долбоорго каржы тартыштыгы болушу мүмкүн деген негизде Бишкектен Сокулуктагы унаа базарга чейинки 7,4 чакырым жер кирбей калган. Солтобаевдин айтымында, учурда долбоордун экинчи бөлүгүндө курулуш иштери жүрүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, жолдун курулушуна жалпы 88 млн. доллар бөлүнгөн.

Былтыр февралда Чүй облусундагы иш сапарында президент Садыр Жапаров аталган жолдун курулушун 2022-жылдын аягына чейин бүткөрүүнү тапшырган. (TAb)

Дагы караңыз

Президент Жапаров күч органдарынын кызматкерлери үй менен толук камсыз болорун айтты Талибдер “Ислам мамлекети” террордук уюмунун эки мүчөсүн жок кылганын жарыяладыУКМК Сирияга барууга камынган жаран радикалдык оюнан кайтканын билдирдиМилиция үч адамдын киши колдуу өлүмү тууралуу маалымат берди