Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:44

Милиция үч адамдын киши колдуу өлүмү тууралуу маалымат берди


17 жаштагы кыз өзү жашаган ушул үйдүн 4-кабатынан кулап түшкөн
17 жаштагы кыз өзү жашаган ушул үйдүн 4-кабатынан кулап түшкөн

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев Бишкекте эки баласы менен киши колдуу болгон аялдын өлүмү тууралуу комментарий берди.

27-февралда АКИ-Пресс маалымат агенттигинин түз эфиринде Ногойбаев окуя болуп жаткан маалда көп кабаттуу үйдүн тургундары эмерек кулап, кыйкырык, ызы-чуу болуп жатканы угулганын айтышкан. Өспүрүм кыз терезеден кулап, машинеге тийгенде сигнализация иштегенин да угуп, коңшулар маани беришкен эмес.

"Коңшулар ызы-чууга өтө деле маани бербей, үй башчысына кечигип телефон чалышкан. Үй башчы иштен келип, видеокамераларды карап анан участкалык милицияга кайрылган. Участкалык милиция видеону көрүп чыккандан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен батирдин эшигин талкалап кирип, өлтүрүлгөн үч сөөктү көрүшкөн. Кылмыштын бетин ачууга үйдөгү видеокамералар жардам берди. Кылмышка шектүү коопсуздук камераларын сындырууга аракет кылып, андан кийин терезеден боюн таштаган өспүрүм кызды көтөрүп кирген. Аны дароо аныктап, таңкы саат төрттө өз үйүнөн кармадык", - деди Ногойбаев.

16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда үч киши(51 жаштагы аял жана анын эки баласы) мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. 36 жаштагы шектүү 17-февралда кармалган. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

18-февралда Бишкектин Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 16-апрелге чейин №1 убактылуу тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. (BCh)

XS
SM
MD
LG