Италиянын Калабрия аймагынын чыгыш жээгинде мигранттардын кемеси кырсыкка учурап, кеминде 30 адам каза болгонун ANSA жана башка маалымат агенттиктери жазды.
“Андкронос” маалымат агенттиги мигранттарды ташып келе жаткан кемеде 100дөн ашык киши болгонун, андагы 50дөй киши куткарылганын кабарлады.
Иран, Пакистан жана Ооганстандан мигранттарды ташып келе жаткан кеме деңиздеги катуу бороондон улам аскага урунган.
Италия мыйзамсыз жолдор аркылуу кирген мигранттардын агымын тыюуну көздөйт.
БУУнун маалыматына караганда, Жер ортолук деңизиндеги өтө кооптуу маршруттар менен Италияга жыл сайын он миңдеген мигрант агылат.
Дагы караңыз
Францияда ири аскердик машыгуу башталдыТүркия: зилзаладагы кыйроолордон улам 600 кишиге карата тергөө башталдыЕвробиримдик Орусияга каршы жаңы санкциялар топтомун жарыялады Жапония Орусияга карата санкцияларын кеңейтет