Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:34

Түркия: зилзаладагы кыйроолордон улам 600 кишиге карата тергөө башталды


38 жаштагы Огун Север Окур жер титирөөдө набыт болгон балдарынын акыркы оюнчуктарын - шарларды үйлөөдө. Антакия шаары, Түркия. Февраль, 2023-жыл.
38 жаштагы Огун Север Окур жер титирөөдө набыт болгон балдарынын акыркы оюнчуктарын - шарларды үйлөөдө. Антакия шаары, Түркия. Февраль, 2023-жыл.

Түркиянын бийлиги 6-февралдагы жер титирөөдө кыйраган имараттарга байланыштуу 600 адамга карата иликтеп-тергөө иштерин баштады. 182 адам кармалып, камалды. Дагы 400дөйү шектелүүдө.

Associated Press агенттигинин маалымдашынча, булар негизинен курулушка тартылган фирмалар, компаниялардын ээлери жана башкаруучулары. Юстиция министри Бекир Боздаг кылмыш иликтөөлөрүн жүргүзүүгө кыйраган имараттар негиз болуп бере аларын белгиледи.

Эксперттер жер титирөөдө кыйраган үйлөр жана имараттар сапатсыз курулуш материалдарынан салынганын, мамлекеттик стандартка жооп бербесин айтышууда.

Түрк бийлиги зилзаладан кийинки талап-тоноочулукка катышкандардын да ишин иликтөөдө. Бул боюнча 200 чакты адам кармалган.

6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн Түркияда 45 миңге чукул, Сирияда 5 миңден ашуун адам набыт болгон. Миңдеген киши жараат алып, миллиондон ашыгы үй-жайсыз калды.

11-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) зилзаладан 26 миллиондой киши жабыр тартканын билдирген. БУУнун Саламаттык сактоо уюму кырсыктан жабыркагандарга өтө зарыл жардамды уюштуруу үчүн тез арада 42,8 миллион доллар бөлүүгө чакырган. Уюм 15 миллион киши Түркияда жардамга муктаж болсо, согуштан талкаланган Сирияда 11 миллиондой адам башкалкасыз калганын билдирген.

20-февралдын кечинде да Түркия менен Сириянын чек ара аймагында кайрадан эки жолу жер титиреди. Алты киши набыт болуп, 300дөйү жараат алганы расмий кабарланды.

XS
SM
MD
LG