ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, жол эрежелерин бир жыл ичинде үч жолу бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт. Мындай чара ушул жылдын 8-мартынан тарта күчүнө кирет.
Укук бузуулар кодексинин 38-беренесине ("Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү – укук бузууларды болтурбоо (токтотуу) максатында транспорт каражатын башкарууга убактылуу тыюу салуу") ылайык, жол эрежесинин төмөнкү түрлөрүн бир жылда үч жолу бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырышат.
- Транспорт каражатынын мамлекеттик номерин атайын жаап алса жана анын бирөө жок болсо;
- Айдоочу ыйгарым укуктуу кызматкердин транспорт каражатын токтотуу талабын аткарбаса;
- Айдоочу белгиленген ылдамдыктан ашыра айдаса;
- Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу каражаттар менен бара жаткан кызматтык унааларга жол бербесе;
- Каршы кыймыл тилкесине чыгып, ашып өтсө же бурулса;
- Айдоочу аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол эрежесин бузса;
Ошондой эле Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинин 3-бөлүгү - айдоочу мас абалындагы же айдоочулук күбөлүгү жок адамга унаасын башкарууга берсе да кайрадан сынак тапшырууга жиберилет.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымдашынча, былтыр 7 040 жол кырсыгы катталган. Андан 690 адам каза болуп, 11 миң 49 киши жаракат алган.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн болот.(ZKo)
Дагы караңыз
Чүйдө күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталдыКемпир-Абад иши: Айтбаевди бошотуу талабы менен митинг өттүМосква: "Вагнерчилер" көрүстөнүнөн жай тапкан кыргызстандыктарМосква - Киев: Согуштун эки тарабындагы кыргыздарАйсулуу Тыныбекова эл аралык мелдеште алтын медал тагынды