Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Кемпир-Абад иши: Айтбаевди бошотуу талабы менен митинг өттү


Акыл Айтбаевдин боштондукка чыгаруу талабы менен Бишкекте өткөн митинг. 10-ноябрь, 2022-жыл.
Акыл Айтбаевдин боштондукка чыгаруу талабы менен Бишкекте өткөн митинг. 10-ноябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 25-февралда Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевдин бошотулушун талап кылган митинг өттү.

Митингге чыккандар "Жерибиз үчүн бекем туруу кылмыш эмес", "Акыл, биз сени мененбиз!" деп жазылган плакаттарды кармап турушту. Алар президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Акыл Айтбаевди боштондукка чыгарууну суранышты.

Уюштуруучулар 50дөн 100гө чейин адам чогулганын айтууда. Митингдин катышуучуларына Акыл Айтбаевдин тергөө абагынан жазган катын кызы окуп берди. Анда саясатчы төрт айдан бери абакта эч кандай себепсиз отурганын, Кемпир-Абад иши боюнча тергөө жүрбөй жатканы жазылган.

Акыл Айтбаев былтыр октябрдын аягында отузга жакын саясатчы, жарандык активист, журналист жана блогер менен чогуу Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 20-апрелге чейин тергөө абагында калтырылган.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Биринчи Май райондук сотунда 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узартты. Үй камагына чыккандар: Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев. Учурда Равшан Жээбеков, Клара Сооронкулова жана Мамбетжунус Абылов ооруканада. Аларга дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин тергөө абагына кайтарылат.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан. Ушул эле сөзүн былтыр декабрдын соңунда мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде дагы кайталаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG