Зеленский Украина быйыл жеңиш үчүн баарын жасарын айтты

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Украинага басып киргенинин бир жылдыгына байланыштуу билдирүү жасады.

“Биз бардык коркунучтарды – атышууну, бомбалоону, ракетаны, жан кечти дрондорду, жарыктын өчкөнүн, суукту жеңебиз. Биз мунун баарынын күчтүүбүз. Бул чыдамкайлыктын, кайгыруунун, эрдиктин, азаптын, үмүттүн, өжөрлүктүн, биримдиктин, майтарылбастыктын жылы болду. Жеңилбестиктин каарман жылы болду. Биз баарынан өттүк. Биз жеңилген жокпуз. Быйыл жеңиш үчүн баарын жасайбыз", - деди ал.

45 жаштагы украин лидери кайгылуу музыка коштогон видеосунда бир жыл мурун дал ушул маалда чукул жаздырган кайрылуусун да эстеди.

Былтыр 24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Москва "атайын операция деп атаган" согушта өтө оор жана чоң жоготууларга учурап, ушул тапта Украинанын аймагынын бештен бир бөлүгүнө чукул жерин ээлеп турат. Эки тараптан тең он миңдеген жоокер жок болуп, кол салгандар Украинанын шаар-кыштактарын талкалап салды. Украинада миңдеген карапайып эл набыт болуп, миллиондогон киши чет мамлекеттерден убактылуу башпаанек алды.

Дагы караңыз

ТИМ: Памирдеги кыргыздар боюнча ооган бийлиги менен сүйлөшүү жүрүүдөИманалиев билим берүүнү жетектейт: Жаңы министрден эмне күтөбүз?Бразилияда бороон-чапкын коштогон жаан-чачында 50 адам набыт болдуМосквада айлык талап кылган мигранттар митингге чыгыштыЫраакы Чыгышта согушка каршы чыккандар кармалдыСогушка бир жыл: Украина Орусияны жана дүйнөнү кантип таң калтырды?