Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

ТИМ: Памирдеги кыргыздар боюнча ооган бийлиги менен сүйлөшүү жүрүүдө


Видео кайрылуу жасаган Ооганстандагы кыргыздар.
Видео кайрылуу жасаган Ооганстандагы кыргыздар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги социалдык тармактарда Памирде жашаган кыргыздардын видео кайрылуусу боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан ушу тапта ооган бийлиги менен Памирдеги кыргыздарга документ алып берүү, Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарына гуманитардык экспедиция менен барууну макулдашууда.

Тышкы иштер министрлиги памирликтердин видео кайрылуусу январь айында тартылганын, Ооганстандагы этникалык кыргыздардан дайыма кабар алып жатканын билдирди.

Январь айында Ооганстандагы бир нече этникалык кыргыз документ алуу, каржылык маселелери жана талибдердин кыздардын окуусун чектегенине байланыштуу аларды Кыргызстанга тез арада алып кетүүнү суранып, видео кайрылуу жолдошкон. Анда Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Бадахшан облусундагы Ишкашим районунда токсондой этникалык кыргыз паспорт ала албай жатканы айтылган.

Ооганстандагы талибдер бийликти басып алып, өлкөнүн түндүк тарабына жылып, улам бир аймакты басып алып жатканда 350дөй оогандык кыргыздар Кыргызстанга өтүп кетүү максатында Тажикстандын аймагына кире качкан. Бирок Дүйшөмбү “Кабул кепилдик берди” деп аларды артка кайтарган.

Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу экени маалымдалып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG