Токтогул: Ыктыярчылар жапайы жаныбарларга кам көрүүдө

Ыктыярчылар тоодо канаттууларга жем чачып жүрөт, Токтогул району. Февраль, 2023-жыл.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда ыктыярчылар жапайы жаныбарлар, канаттуулар үчүн тоо-ташты аралап, жем жана туз таштап жатышат. Бул тууралуу 24-февралда "Азаттык" радиосуна "Жашыл өрөөн" коомдук бирикмесинин жетекчиси Акылбек Гүлжигит уулу билдирди.

"Кыш оор болгондуктан жем чачып жатабыз. Райондогу беш аймактан түптөлгөн коомдук бирикменин ыктыярчыларына айылдагы айрым жарандар да көмөктөшүп, үйүнөн жем берип жатат. Биз жапайы канаттуулар менен жаныбарларды сактап калуу үчүн бир топ жылдан бери иштеп келебиз",-деди ал.

Токтогул аймагында "Кызыл китепке" кирген ак илбирс, аюу, мадыл, сүлөөсүн, бүркүт, ак кунас, ак куу, бүркүт, ителги, шумкар бар. (TB)

Дагы караңыз

Бишкек-Торугарт жол каттамы толук ачылдыҮч майрамды иш күнү деп жарыялоо сунушталууда Украинанын Кыргызстандагы элчилиги согуштун курмандыктарын эскерүүдөБишкекте Украинадагы согуш курмандыктарын эскерүүгө чыккандар кармалды