Кыргызстан Борбор Азия аймагындагы суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу маселелери чөлкөмдөгү бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алган ачык жана конструктивдүү диалог аркылуу чечилиши керек деп эсептейт. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министринин (ТИМ) орун басары Айбек Молдогазиев “Европа Биримдиги – Борбор Азия” конференциясында айтканын мекеменин басма сөз кызматы 24-февралда билдирди.
“Биз суу-энергетикалык маселелердин бардык комплексин талкуулоого ар дайым ачыкпыз”, – деп белгиледи Молдогазиев.
Бул контекстте, ТИМдин басма сөз кызматы кошумчалагандай, Чүй-Талас жана Орто-Токой суу сактагычынын суу чарба комиссиялары боюнча Казакстан жана Өзбекстан менен өз ара аракеттенүүнүн оң тажрыйбасы белгиленди.
Конференция Италиянын борбору Рим шаарында 23-24-февраль күндөрү өтүп жатат. Ага Кыргызстандан энергетика, айыл чарба, экология министрликтеринин өкүлдөрү да катышууда. (RK)
Дагы караңыз
Украинадагы согуш: кыйроонун масштабы, спутниктен сүрөттөрКемпир-Абад иши: тергөө дагы эки айга узартылдыОрус дипломаты Борбор Азия өлкөлөрүн Батыш менен абайлап мамиле кылууга чакырды"Беш жылда 14 операция". Айназик жардамга муктаж