Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган эсепке 31 миллион сом чогулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлиги өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн ачылган депозиттик эсепке чогулган каражат боюнча маалымат берди. Министрликтин сайтындагы 2023-жылдын 20-февралына карата эсепте, чогулган каражат 31 млн 532,87 сомду түздү.

Каржы министрлиги 2021-жылдын 4-мартында өкмөтүн токтому менен тышкы карызды тейлөө үчүн № 44010011030000253 депозиттик эсебин ачканын маалымдайт. Бул эсепке каалоочулар акча салат.

Бийлик 2020-жылы элден акча чогултуу үчүн эки эсеп ачкан. Анын бирине түшкөн каражат жалпы чыгымдарга, экинчиси тышкы карызды төлөө үчүн жумшалары айтылган. Экинчи эсеп боюнча азырынча маалымат жок.

2022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 218 миллион долларды түзгөн. Бул сумманын 4 миллиард 191 миллиону тышкы карыз. Анын басымдуу бөлүгү же 1 миллиард 757 миллион доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет. (TSh)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: тергөө дагы эки айга узартылдыОрус дипломаты Борбор Азия өлкөлөрүн Батыш менен абайлап мамиле кылууга чакырдыБУУнун Орусия аскерлерин Украинадан чыгаруу резолюциясын 141 өлкө колдодуОрусия абагындагы төрт тажикстандык Украинадагы согушта каза болду