ӨКМ: Жалал-Абадда миңден ашык кожолук кооптуу аймакта жашап жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак, Аксы, Ноокен району жана Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларында жалпы 1160 кожолук жер көчкү, таш кулоо, кар көчкү, сел каптоо коркунучу бар аймактарда жашап жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

ӨКМ кызматкерлери ал үй-бүлөлөргө коопсуз аймакка көчүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатышат.

“Мамлекет тараптан керектүү ссудаларды жана турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алып, бирок коопсуз аймакка көчпөгөн үй-бүлөлөрдүн документтери чогултулуп, сот органдарына өткөрүп берилет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Өлкө аймагында жалпысынан жер көчкү, сел коркунучунда турган 1200 аймак бар. Алардын басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад облустарында жайгашкан. (TB/TSh)

Дагы караңыз

ИИМ тергөөчүсү “Азаттыктын” иши боюнча материалдарды адвокатка бербей жататОрусияда түрмөдө отурган кыргызстандык Украинадагы согушта каза болду Макамы аныктала элек 122 конуш бар экени айтылдыБотаникалык бак маселеси парламентте кайрадан көтөрүлдүДепутат “Жашыл мурас” демилгеси ишке ашпай жатканын сындады Депутат Бекешев Ататүрк паркынын аймагына кабат үйлөр курулганы жатканын айтты