Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

ИИМ тергөөчүсү “Азаттыктын” иши боюнча материалдарды адвокатка бербей жатат


“Азаттык Медиа” мекемесинин жактоочусу Нурбек Сыдыков ИИМдин тергөөчүсү Улан Жапеков кылмыш ишинин материалдарын бербей жатканын кабарлады. Адвокаттын айтымында, тергөөчү ИИМдин жетекчилигинен уруксат алуу керек экенин билдирген.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 21-февралдагы отурумда банк эсептерин бөгөттөөгө негиз болгон кылмыш ишинин материалдарын "Азаттыкка" берүүгө Ички иштер министрлигин (ИИМ) милдеттендирген.

Ишти караган судья Тилек Турдукулов "Азаттык" үналгысынын "Демирбанктагы" банк эсептерин камакка алууга негиз болгон кылмыш иши тууралуу маалыматтарды радиого берүүдөн баш тарткан ИИМдин тергөөчүсү Улан Жапековдун аракетинде "мыйзам бузуу бар" деп тапкан. Тактап айтканда, иш менен "Азаттыктын" адвокаттарынын таанышуусуна уруксат берилген.

Азырынча ИИМ бул боюнча комментарий бере элек.

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катышы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин жарыялаган. Былтыр декабрда Финчалгын кызматы атайын текшерүүдөн кийин буга чейинки шектенүүлөр аныкталбай, "Азаттыктын" "Кылмыштуу кирешени адалдоого шек саналгандардын тизмесинен" чыгарылганын расмий жарыялаган.

Буга карабай "Азаттыктын" банк эсептери ачылбай келет. Бул Ички иштер министрлиги тергеп жаткан кылмыш ишке байланыштуу экенин расмий органдар кабарлаган. Аталган кылмыш иши, андагы "Азаттыктын" юридикалык статусу боюнча эч кандай маалымат берилген эмес. "Азаттыктын" адвокаттары ишти тергеп жаткан тергөөчү Улан Жапековго бир нече жолу кайрылганда, ал кылмыш ишинде "купуялуулук грифи" бар деген негизде документтерди берүүдөн баш тарткан.

Ушуга байланыштуу "Азаттыктын" адвокаттары сотко кайрылып, тергөөчүнүн аракетин мыйзамсыз деп табууну өтүнгөн. Сот 21-февралдагы отурумда адвокаттын ушул өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды.

Азыр "Азаттыктын" сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иши уланып жатат. Бишкектин административдик соту "Азаттык Медианын” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызын кароону 2-мартта улантууну чечти.

"Азаттыктын" банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG