Бишкектеги Ботаникалык бак маселеси бүгүн 22-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Эмил Жамгырчиев Горький көчөсүндөгү бактын аянты 50 гектар, Ахунбаев көчөсүндөгү бактыкы 100 гектар экенин, мекемеде 60 кызматкер бар болгону менен алардын 40ы илимий, ал эми чарбалык иштерге жооптуулар 20 эле адам болуп жатканын белгилеп, маселеге көңүл бурууга чакырды:
“150 гектарды 20 адам карайт экен. Ботаника багынын абалын караңыздарчы, ит баспай калды ал жакка. Канчалаган баңгилер жүрөт, зордук-зомбулук болуп жатат. Сунушум – мүмкүн улуттук парк кылабызбы же президенттин атын ыйгарабызбы, көзөмөлгө алып койсоңуздар”.
Ботаникалык бактын каржылоосун түздөн-түз республикалык бюджетке алуу пландалып жатканын 24-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген.
Ботаникалык бак Илимдер академиясына караштуу болгондуктан ушул мекемеге бөлүнгөн бюджеттен каржыланат. Анын маселеси көптөн бери талаш-тартыш жаратууда. Парламентте бакты Илимдер академиясынын балансында калтыруу керек деген чечим чыккан. Айрым депутаттар эгер мекеме академиянын карамагынан чыгарылса ал жеке колго өтүп, жери сатылып, кабат үйлөр курула баштайт деген чочулоосун айтышкан жана каржылоо булагын эмес, көлөмүн гана өзгөртүп, жетиштүү деңгээлге чыгарып берүү зарылдыгын белгилешкен.
Ботаникалык бактын жетекчилиги мэриянын карамагына өтүүгө каршы экенин, мекеме Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Энвер Гареев атындагы “Ботаникалык бак” илимий-изилдөө институту деп аталарын директору Гүлайым Дөңбаева “Азаттыкка” билдирген. Бул эл аралык кызматташтык жүргүзүүчү илимий институт экенин белгилеген жетекчи чакан парктар ар кимдин колуна өтүп кеткен Бишкекте бул бакты коргоп калуу ыктымалдыгы аздыгын, азыркыдай кейиштүү абалга 30 жылдан бери каржылоо жетишсиз болгону себеп экенин белгилеген.
1938-жылы негизделген "Ботаникалык бак” институтунун жалпы аянты 170 гектар, анын 150 гектары Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары Горький көчөсүндө жайгашканы айтылган.
Каржылоосу жетишсиз болгондуктан ал жерде жыл сайын өрт чыгып, сугат жана коопсуздук маселеси чечилбей келет, уруп-сабоо, тоноо кылмыштары менен катар адам өлтүрүү фактылары да катталган. (RK)
Дагы караңыз
Депутат “Жашыл мурас” демилгеси ишке ашпай жатканын сындады Депутат Бекешев Ататүрк паркынын аймагына кабат үйлөр курулганы жатканын айтты"Ынтымакка чакырык". Кечирим абактагы активисттерге жетеби?УКМК Сузакта диний билим берүүчү борбор жабылганын билдирди