Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек курду. Ал бийликтин негизги максаты - элди ынтымакка чакыруу экенин кайталады. Коомчулукта бул окуянын айланасындагы кызуу талкуу токтой элек.
Президент Жапаров 21-февралда “Кабар” агенттигине курган маегинде мындай форматтагы жолугушуу тууралуу мурдагы президенттерге алдын ала эскертилбегенин айтты.
"Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коет эле. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти", - деди президент.
Ал мурдакы президенттерди Дубайга чогултардан мурда Бишкекте "Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди элдештиргенин" билдирген. Жолугушуу уюштуруудагы жалгыз максаты ынтымакка алып келүү экенин, мурдагы президенттердин алдында эч кандай милдеттенмеси, карызы жоктугун кошумчалаган. Бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү ниети жок экенин, мыйзам бузгандарга карата соттун чечими аткарыларын, ага эч ким кийлигишпей турганын айтты.
“Бул ынтымак жолугушуу өз жолу менен, мыйзам алдында кимдин жоопкерчилиги болсо, ал өз жолу менен улана бериши керек. Мыйзамдарды, соттун чечимдерин аттап өтмөй жок! Мындан ары деле ынтымак чогулуштарды улай беребиз. Мен бардык саясатчыларды ынтымак столуна олтургузууга даярмын. “Ынтымак бар жерде - ырыс бар” дейт эмеспи элибизде”, - деди президент.
Дубайдагы жолугушууда Кемпир-Абад иши көтөрүлдүбү?
Садыр Жапаров 18-февралда Кыргызстандын мурдагы президенттерин бир жерде жолуктурганын, бул улуттук консолидация жана биригүү максатында болгонун Фейсбукка жазган. Бул билдирүүдөн кийин мамлекет башчынын демилгеси кызуу талкууланып, улуттук биригүү саясаты толук жүрүшү үчүн саясий иштер боюнча кармалгандардын иши да унутта калбашы керектигин айткандар болууда.
Маселен, журналист Аскер Сакыбаева бийлик мындай саясатты бир кылка жүргүзүшү керек деген ойдо.
“Мейли, жакшыбы-жаманбы Өзбекстан менен чек арабыз чечилип калды. Мамлекет башчысы өзүнүн укугуна жараша чечимди кабыл алды. Бирок Кемпир-Абад үчүн өз оюн айтып камакта жаткан аялдарды, жаштарды эмне үчүн бошотпойт? Бул улуттук консолидацияга кирбейби? Улуттук консолидация ушундан башталышы керек го дейм”.
Кемпир-Абад демекчи, былтыр кыргыз-өзбек чек арасы чечилип жаткан учурда суу сактагычтын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип чыккан отузга жакын саясатчы, активист жана блогер 2022-жылдын октябрынан бери Бишкектеги тергөө абагында камакта отурат. Сот аларды апрелдин экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечим чыгарган. Арасында үй камагына жана ден соолугуна байланыштуу ооруканага которулгандары да болду.
Маселен, "массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деп айыпталып камакта отурган саясатчы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага даарыланууга уруксат берилип, 20-февралда менчик ооруканага жаткырылды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-февралда анын бөгөт чарасын карап, 20-апрелге чейин камакта калтырган эле.
Бул иш боюнча камакта отургандардан Равшан Жээнбеков да 15-февралдан бери ооруканада. Бирок ал дарыланып бүткөн соң абакка кайтат. Ал эми Перизат Суранова менен Орозайым Нарматова саламаттыгына байланыштуу 20-апрелге чейин үй камагына чыгарылган.
Элдик курултай кеңешинин төрага орун басары, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков абакта отургандарды чыгаруу керектигин айтып, улуттук консолидацияны ишке ашыруу боюнча сөз кылды.
“Абактагы 28 жаранды коё бериш керек. Атамбаевден мурун ошолорду чыгарса болмок. Бизге консолидация керек, элдин башын бириктирүү маанилүү. Бул курултайдын иши деп ойлойм. Азыр курултайдын иши жанданып, ар аймактын эли биригип, ынтымакташа баштады”.
Ал элди бириктирүүдө бийлик мурдагы президенттерге басым жасабашы керектигин да белгиледи.
Былтыр 22-декабрда Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга байланыштуу президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик жетекчилерине кайрылып, анда сөз эркиндигинин абалына да көңүл бурууну өтүнгөн. Анда президентти эркин медиаларга коюлган чектөөлөрдү алып салууга чакырышкан.
Ал арада журналист Адилет Айтикеев өздүк булагына таянып, Дубайдагы жолугушууда мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева Садыр Жапаровду Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды бошотууга чакырганын жазды.
Бул маалыматты "Азаттыкка" башка дагы бир булак ырастады.
Мурдагы президенттер эмне дейт?
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 21-февралда Фейсбук баракчасына чыгарган билдирүүсүндө, Жапаровдун мурдагы мамлекет башчыларды чогултуп ынтымакка чакырганын кубаттады. Ага чейин Бишкекте Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, кол алышканын да ырастады.
"Эмоция менен айтылган ойлор менен катар юридикалык өңүттө да баа берилүүдө. Бул биздин жарандык коомдун күчтүүлүгүн, элибиздин ички эркиндигин дагы бир ирет далилдеди. Президент мына ушул улуттук дараметти жаратмандыкка бурууга туура чакырык таштады. Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушууга чейин Алмазбек Атамбаев экөөбүздү жолуктургандыгын айтты. Ооба, экөөбүздү элдештирүү максатында президент бир столго олтургузуп, жолуктурган. Экөөбүз тең өз пикирибизди айтып, аягында кол алышып, тараганбыз. Ар бир пенде Кудай алдында жоопкер".
Мурдараак экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусу тууралуу билдирүү таратып, жыйындын ортосунда коштошпой чыгып кеткенин айткан.
“Өлкөдө тынчтык жана биримдик орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу - эки башка нерсе. Бул экөөнү бириктирүү таптакыр башка жыйынтык берет. Көп кан төгүлгөн, аны унутуу мүмкүн эмес. Президент Садыр Жапаров мени укту жана туура чечим чыгарат деп үмүттөнөм", - деп жазган ал.
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев “Азаттыкка” курган маегинде, өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусун тарыхый окуя катары сыпаттап, мамлекеттүүлүктү бекемдей турган аракет деп билдирген эле.
"Элдин арасындагы маселелерге көңүл буруу керек"
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев биримдик үчүн элдин арасындагы көйгөйлөр жана азыркы кырдаал эске алынып, диалог түзүлүшү керек деген ойдо.
“Президенттин айткандары мурдатан эле элдин оюнда болгон маселе. Бирок учурунда ката кетирип, аны моюнуна албай, кечирим да сурабаган мурдагы президенттерди бириктирүү бийик максатка жетүүнүн жолу катары каралышы мүмкүнбү деген өзү туура эмес. Бизди консолидацияга, биримдикке жеткирбеген себептер эмнелер? Бөлүнүп-жарылуу кандай критерийлер менен болуп жатат? Ушул боюнча анализ жүргүзүлүп, консолидациянын канчалык зарыл экенин, бөлүнүүнүн канчалык тереңдигин аныктап алышыбыз керек болчу. Эгер биз эл арасындагы ынтымакты бекемдейбиз десек, биринчи президенттердин эмес, элдин арасындагы маселелерге көңүл буруп, учурдагы көйгөйлөргө карашыбыз керек. Бир четинен демократиялык, адам укуктары, эркиндиктери корголушун колдогондор, экинчи жактан темирдей тартипти, чеги жок бийликти каалагандар болуп жатат. Булардын ортосундагы диалогду жандардыруу эң зарыл иш болушу керек. Муну улуттук диалог деп коёлу. Бул бир күндө эмес, дайым жана ар кандай форматта өтүп турган процесс болушу керек”.
Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттеринин жолугушуусу жана бийликтин элди бириктирүү демилгеси өлкөдө сөз эркиндиги актуалдуу болуп турган учурга туш келди. Алсак, Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардан сырткары “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшү, банк эсебинин жабылышы жана медианын ишмердигин токтотуу боюнча соттук процесстин жүрүп жатышын саноого болот.
Андан тышкары, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, "Политклиника" басылмасына каршы мамлекеттик ЭлТР телеканалынын сотко арыз берип, 10 млн. сом талап кылганы да бар. Өлкөдөгү бул абалга бир катар эл аралык уюмдар камтамачылыгын билдирип, кыргыз бийлигине кайрылып келүүдө.