Былтыр Кара-Кечеден 1 млн. 352 миң тонна көмүр казылды

Кара-Кече көмүр кени. 21-февраль, 2023-жыл.

Жумгалдын Кара-Кече көмүр кенинен 2022-жылы 1 млн. 352 тонна көмүр казылды. Жыл башынан бери 287 тонна кара отун өндүрүлдү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

21-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тийиштүү жетекчилер Кара-Кече кенинде болуп, экологияны сактоо менен көмүр казууну улантуу керек экенин белгиледи. Жапаров Суусамыр – Арал жолу быйыл толук оңдолуп бүтөөрүн айтып, көмүрдү Өзбекстанга экспорттоо зарылдыгын билдирди.

Кыргызстан күз-кыш мезгилине карата 2 млн. 994 миң тонна көмүр керектейт. Анын ичинен Бишкек ЖЭБине 1 млн. 500 миң тонна көмүр керек. (TSh)

Дагы караңыз

Айып пул үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды