Түркияга жардам эсебине 55 миллион сомго жакын каражат чогулду

Түркиянын жер титирөө катталган Хатай провинцияларындагы кыйраган турак-жайлар. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 55 млн. 757 миң 825 сом жана 14,4 миң рубль түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлиги кабарлады.

Жабыркагандар үчүн министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жарандар үчүн жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алат. Андан сырткары Кыргызстанда өз алдынча акчалай жана гуманитардык жардам чогулткандар бар.

Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстандан 200гө жакын куткаруучу жана алты дарыгер барып, 21-февралда кайтып келишти.

Алар зилзаладан катуу жабыр тарткан Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай провинцияларында иштешти. Жалпысынан уранды алдында калган сегиз адамды аман куткарып, 182 адамдын сөөгүн алып чыгышты.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны 47 миңге чамалады, жараат алгандар 115 миңдин тегерегинде.

Жер титирөө 20-февралдын кечинде да кайталанып, анда да каза тапкандар, жаракат алгандар катталды. (ErN)

Дагы караңыз

Кар көчкү басып калган мургабдык кыргыздардын сөөгү жерге берилдиАлимент, айып пул төлөбөгөн 70 миңдей кишинин сыртка чыгышына тыюу салындыЭкс-президент Жээнбеков Дубайдагы жолугушуу тууралуу билдирүү жасады "Баатырлар үмүтү" уюму Дубайдагы жолугушууну сындаган билдирүү тараттыКыргызстандагы жыгачты ЕАЭБден сыртка чыгарууга салынган тыюу узартылды