Баткен: УКМК чек арачы капыстан атылган октон кайтыш болгонун билдирди

Кыргызстандын жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз бөлүмү ырастагандай, баштапкы маалыматтарда З.Ж. аттуу аскер кызматкери АК-74 автоматын этиятсыздык менен колдонуп жатып, капыстан ок чыгарып алган. Ок У.Б аттуу башка бир чек арачынын моюнуна тийген.

Жаракат алган кишиге шашылыш түрдө медициналык жардам көрсөтүлүп, Баткен шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал алган жарааттан өзүнө келбей каза болгон.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, бул факт боюнча тиешелүү органдарга кабар берилди. Аскердик прокуратуранын Баткен гарнизонунун өкүлдөрү окуя болгон жерге жөнөп кетишти. (ErN)

Дагы караңыз

Кар көчкү басып калган мургабдык кыргыздардын сөөгү жерге берилдиАлимент, айып пул төлөбөгөн 70 миңдей кишинин сыртка чыгышына тыюу салындыЭкс-президент Жээнбеков Дубайдагы жолугушуу тууралуу билдирүү жасады "Баатырлар үмүтү" уюму Дубайдагы жолугушууну сындаган билдирүү таратты