Кар көчкү басып калган мургабдык кыргыздардын сөөгү жерге берилди

Хорог шаарындагы кар көчкү басып калган үйлөр. 15-февраль, 2023-жыл.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарындагы кар көчкүдө каза болгон мургабдык тогуз кишинин сөөгү өздөрү туулуп-өскөн айылдарында 21-февралда жерге берилди.

“Азаттыкка” мургабдык кыргыздардын өкүлдөрү билдиргендей, маркумдардын үчөө жаш бала. Алардын сөөгү Хорогдон Мургабга тик учак менен жеткирилген. Зыйнатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.

Хорог шаарында 15-февралда эртең мененки саат 10дор чамасында кар көчкү түшүп, он чакты үйдү басып калган. Ванч деп аталган райондо да көчкү түшкөн.

Автоном облустун администрациясы кар көчкүдө набыт кеткен 27 кишинин тизмесин жарыялаган. Алардын он бири мургабдык экени айтылган. Тогуз адам этностук кыргыздар экени такталган. Дагы экөөнүн тек-жайы аныктала элек. Айрым маалыматтарда калган эки киши аман табылганы айтылып жатат.

Каза болгон кыргыздар Мургаб районунун Көнө-Коргон, Аличор жана Токтомуш айылдарынын тургундары экенин ал жактагы журтташтар ырастаган. Каза болгондордун арасында Хорогго иштегени, ооруканага көрүнгөнү баргандар жана студенттер бар.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кырсыкта мерт болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Рахмонго 17-февралда көңүл айтты.

Айрым маалыматтарга караганда, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Мургаб районунда 15 миңдей адам жашайт жана алардын басымдуу бөлүгүн этностук кыргыздар түзөт. Мургаб менен Хорогдун аралыгы 300 чакырымдан ашат. (ErN)

Дагы караңыз

Беларуста мамлекеттик чыккынчылык үчүн өлүм жазага тарткан мыйзам долбоору кабыл алындыАлимент, айып пул төлөбөгөн 70 миңдей кишинин сыртка чыгышына тыюу салындыЭкс-президент Жээнбеков Дубайдагы жолугушуу тууралуу билдирүү жасады