20-февралдын кечинде Түркия менен Сириянын чек ара аймагында эки жолу жер титиреп, кеминде алты киши набыт болуп, 300дөйү жараат алганы расмий кабарланды.
Күчү 6,4 жана 5,8 баллга жеткен зилзаланын очогу бул ирет да Хатай чөлкөмүндө болгон. Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын айтымында, февралдын башындагы катуу жер титирөөдөн бүтүн калган ооруканалардагы бейтаптарды эвакуациялоого туура келди. Хатай провинциясынын жетекчиси урандылардын алдында адамдар калганын билдирди.
Кошуна Сирияда да каза тапкандар бар деген маалыматтар айтылууда. Бирок курмандыктардын так саны белгисиз.
6-февралда ушул эле аймактарда күчү 8 баллга жакындаган зилзала 46 миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти, жараат алгандар 115 миңдей болууда.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу башкармалыгы (AFAD) зилзала катталган аймактагы жарандарга жээктерде цунами болорун эскертүүдө. Бул мекеме 20-февралда Хатай жана Кахраманмараш провинциялардан башка тогуз аймакта издөө, куткаруу иштери аяктаганын кабарлаган.
Дагы караңыз
Кыргызстандын жаратылышы жөнүндө баяндаган сайт иштей баштадыОрусия Кыргызстандан балык импорттоону убактылуу токтоттуИманакун уулу: Кыргызстандын жер кыртышын Түркия менен салыштырууга болбойтБишкекте кыймылсыз мүлктүн (батир) баасы кандай өсүүдө?Сот “Азаттыктын” ИИМдин тергөөчүсүнө каршы жазган арызын кароону улантты