Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратып, 21-22-февралга чейинки жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош, Суусамыр-Талас-Тараз, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Ош-Сары-Таш-Эркештам жана Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү ыктымалдыгын эскертти. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
22-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -4…+1 градус болот.
22-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° градусту түзөт.
Дагы караңыз
Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушуу тууралуу айтып бердиОң рулдуу таксиге тыюу салуу демилгесине каршы акция өттүКемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова ооруканага жаткырылдыПрезидент Жапаров Мадумаровго бирге иштешүү сунушу болгонун билдирди“Росатом” Кыргызстанда энергетика долбоорун баштамай болду