Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Президент Жапаров Мадумаровго бирге иштешүү сунушу болгонун билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттеринин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу “Кабар” агентигине курган маегинде, бардык саясатчылар менен жолугушууга даяр экенин билдирди. Жапаров “ынтымак чогулуштарды уланта берерин” айтып, “бардык саясатчыларды ынтымак столуна отургузууга даяр” экенин белгилеген.

Жапаров буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров менен жолукканын айтты.

“Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: “Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү” дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. “Мейли, өзү билсин” дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек”, - деген Жапаров.

Азырынча парламент депутаты Адахан Мадумаров Жапаровдун пикири боюнча комментарий бере элек. Мадумаров - Жогорку Кеңеште оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери. Ал азыркы бийликтин ишмердүүлүгүн кескин сындап жүргөн саясатчылардын бири.

Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек курду. Ал мурдакы президенттерди Дубайга чогултардан мурда Бишкекте "Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди элдештиргенин" билдирген. Ошондой эле Дубайдагы жолугушууга келген мурдагы президенттерге ал жерге башка да мурдагы президенттер келери тууралуу алдын ала эскертилбегенин ырастады.

Садыр Жапаров аларды чогултуу максаты "ынтымакка алып келүү" болгонун, жолугушууда муну баары кубатташканын, жолугушуу төрт саатка жакын созулганын айтты. Ошондой эле ал коомчулукта Курманбек Бакиев боюнча айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп берип, "Бакиевге соттун чечими бар экенин, келсе камакта отурушу керектигин" белгиледи.

18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургузганын Фейсбук баракчасына жазган. Мындай кадамга эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн бардым деп түшүндүргөн. Социалдык түйүндөргө комментарий жазгандар мурдагы президенттер арасынан Бакиев гана өлкөгө келе албай жүргөнүн, Дубайдагы жолугушуудан кийин ага жол ачылышы ыктымал экенин белгилешкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG