Кыргызстанда эхинококкоз болгондор он жылда 1,3 эсе көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда эхинококкоз менен ооругандар көп болуп жатканын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департамент билдирди. Мекеменин 20-февралда тараткан маалыматына караганда, бул көрсөткүч жогорку деңгээлде туруктуу сакталууда.

Соңку 10 жыл ичинде Кыргызстанда эхинококкоз болгондор 1,3 эсе көбөйдү.

Жыл сайын өлкөдө бул илдеттин ыйлаакча сымал түрүнө кабылган миңдей, альвеола түрүнө чалдыккан эки жүздөй бейтап катталууда.

Эхинококкоз адамга жаныбарлардан жуулбаган жер жемиш аркылуу жугат. Андан хирургиялык операция жолу менен гана арылууга болот, бирок бейтаптардын 35% өлүмгө учурап келет.

Дүйнөдө бул ооруга жыл сайын жарым миллионго жакын адам чалдыгууда. (RK)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова ооруканага жаткырылдыКеминди баккан сүт бизнесиАКШ кыргыз бийлигинин Сириядагы жарандарын алып келгенин кубаттадыЖапон өкмөтү Украинага 5,5 млрд. доллар жардам көрсөтөт