Чымкентте атышуу уюштурган адам өзбекстандык экени аныкталды

Чымкенттин көчөсүндө тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Казакстандын Чымкент шаарында адамдарды окко туткан кишинин тек-жайы аныкталды, ал өзбекстандык экени айтылууда. Бул тууралуу Tengrinews басылмасы Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып жазды.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, 20-февралда курал-жарак саткан дүкөнгө кирген эркек киши сатуучу аялдан "Сайга" мылтыгын сураган. Кийин сатуучунун башына курал такап коркуткан жана мылтыкты алып чыгып кеткен. Андан соң дүкөндүн коопсуздук кызматынын адистери менен атыша баштаганда бир киши жараат алган.

Полиция атышуу уюштурган адам кармалганын билдирди. Ал кошуна өлкөдөн келип, Чымкентте ижара үйдө жашап жүргөнү аныкталды. Окуя териштирилүүдө. Чоо-жайы азырынча айтыла элек.

Дагы караңыз

Байдендин Киевге күтүүсүз сапары: Аскердик жардам, жаңы санкциялар Талас: Апрель ыңкылабынын катышуучулары акцияга чыгыштыКазакстандык журналист операторунун автоунаасы жардырылганын кабарладыДамасктагы аба соккусунан кеминде 15 киши каза болгону кабарланды